Кыргыз тасмалары эл аралык аренада. ШКУнун кызыл килеминде “Качкын” сыйлыкка ээ болду

Sputnik
Бул жолу “Стоп кадр” программасында биз 3-7 июль күндөрү Кытайдын Чунцин шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалы тууралуу кеп кылабыз. Анда Кыргызстан өзүнүн кинолорун тааныштырды. ШКУ өлкөлөрүнөн келген 1500дөн ашуун делегаттар жана киноишмерлери маданияттарды бириктирүү жана жаңы окуяларды шыктандыруучу күчүн белгилөө үчүн чогулду. Негизги сынакка Беларусь, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрдүн атынан 20 тасма катышты. Ар бир мамлекет улуттук каада-салттарды, маданий өзгөчөлүктөрүн жана актуалдуу социалдык көйгөйлөрдү чагылдырган тасмаларды тартуулады. Сыйлыктар 10 номинация боюнча тапшырылды. Сыйлык тапшыруу аземинде Кыргызстандын “Качкын” тасмасы “Мыкты сценарий” наамын жеңип алды. Ал эми Кытай жана Россиянын эмгектери эң мыкты тасма аталып, «Алтын Камеллия» сыйлыгын алды.
ШКУга мүчө өлкөлөр арасында Кыргыз тасмаларына болгон кызыгуу канчалык? Кимдер катышты? Кененирээк Шанхай кызматташтык уюмунун кинофестивалында Кыргызстандын делегациясын жетектеп барган Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Кинематография департаментинин директорунун орун басары Маратбек Асаналиев айтып берет.