Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документ жолдогу коопсуздукту жогорулатуу, такси жана автобустар менен кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатын көздөй турганы айтылган. Токтом долбоорунун урунттуу учурлары: оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынат; таксилерде таксометр орнотулуп, заказдар үчүн интернет-платформалар же мобилдик тиркемелер колдонулат; лицензия алуу үчүн айдоочунун үч жылдан кем эмес тажрыйбасы, камсыздандыруу полиси, техникалык жана медициналык кароо жана соттолбогондугу боюнча маалым каттары болушу керек; 20-февралда Cадыр Жапаров таксилердин ишин лицензиялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Документ 20-августтан кийин күчүнө кирет.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин буйругунун негизинде камакка алынган мэрдин орун басарлары Жамалбек Ырсалиев менен Таалайбек Байгазиев иштен бошотулуп, кызматтары жоюлду. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди. Маалыматта алардын фукнциясы департамент директорлоруна өткөрүп берилгени айтылды. Муниципалитет мындан башка да кадрдык өзгөрүүлөр болгонун айтты. Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Шеримбеков кызматынан бошотулуп, ордуна Талгат Бекбоев дайындалды. Ленин районунун акими, Жогорку Кеңештин спикеринин бир тууганы Жыргалбек Шакиев да иштен бошотулду Жаңы аким болуп Тариэл Айтиев дайындалды.
Быйыл жыл башынан бери Кыргызстан Өзбекстандык туристтер эң көп барган өлкө болду. Бул тууралуу Өзбекстандын Улуттук статистика комитети кабарлады. Расмий маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын алгачкы беш айында 1 млн 189 миң өзбекстандык Кыргызстанга турист катары келген. Бул көрсөткүч боюнча тизмени Кыргызстан жетектейт. Өзбекстандык туристтер көп барган өлкөлөрдүн үчтүгүно ошондой эле Тажикстан анан Казакстан кирген. Адистердин пикиринде, өзбекстандыктардын жакынкы кошуна өлкөлөрдү, өзгөчө Кыргызстанды тандашы — географиялык жакындык, маданий байланышка жана визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу.
Сирия Израиль менен согушкандан коркпойт жана кармашканга даяр экенин аталган өлкөнүн убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа айтканын Reuters жазды. 16-июлда Израиль сириялык армиянын башкы штабы менен президенттин Дамаскидеги кан сарайынын тегерегин аткылаган. Израиль армиясы Сирия менен чектешкен жерлерде күчтөрдү арбытып, бекемдөөнү чечкен. Бир суткада өлкөнүн түштүгүндөгү танкаларды, ракеталык түзүмдөрдү жана пикаптарды аткылаган. Дамаск шаарында бир киши каза таап, 18ге чукулу жаракат алган. Тель-Авив мурдараак эгерде сириялык күчтөр друздарга чабуул жасоону токтотпосо "жанды көзгө көрсөткөн сокку" урарын айтып коркуткан эле./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 43 тыйынга рубль 1 сом 11 тыйынга Казак тенгеси 17 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 63 сом 90 тыйындан баштап, 65 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 72 сом 40 тыйындан 73 сом 90 тыйынга дейре, дизель майы 71 сом 80 тыйындан тарта 72 сом 30 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ 18-июлга караган караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Жума күнү республика аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +36...+38 градуска көтөрүлөт.