Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигин койбостугун айтты. Камчыбек Ташиев кечээ Бишкек шаарын кыдырып жүргөндө айрымдардын "шайлоого даярданып жатат" деген пикирлерине жооп берген."Мен бул жерде бирөөгө көрүнөйүн деп жүргөн жокмун. Президенттин тапшырмасы менен жүрөм. Айрымдар "шайлоого даярданып жатат" деп жатышат. Дагы бир жолу айтып коеюн, мага эч кандай шайлоонун кереги жок. Депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигимди койбойм", — деген Ташиев. Буга чейин да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын, президент Садыр Жапаровду толук колдоорун, ал эми анын азыркыдан тышкары дагы эки мөөнөткө барууга укугу бар экенин айткан.
Бишкек шаарынын мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев ээлеген кызматынан бошотулду. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү буйрукка калаа башчысы Айбек Жунушалиев кол койду. Ошондой эле Ырсалиев ээлеген кызмат жоюлуп, транспорттук блог боюнча мэрдин орун басарынын функцияларын аткаруу жана ишин координациялоо Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүм департаментинин директору Уланбек Бейшенбаевге өткөрүп берилди. Белгилей кетсек, күн мурун Бишкек мэринин орун басары Жамалбек Ырсалиев УКМК тарабынан кармалган.
Аксы районунда трансформаторлорду оңдоо цехинин имаратынын курулушуна мезгил кутучасы салынды. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чарага министр Таалайбек Ибраев катышып, курулушка старт берди. Аталган цехтин эски имараты 1980-жылдары ашар жолу менен курулуп, жарым кылым аралыгында эскилиги жетип, санитардык нормаларга жооп бербей калган. Быйыл Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын капиталдык курулуш планына киргизилип, куруу жумуштарын "Амазон" ЖЧКсы колго алган. Бул үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын эсебинен 7,5 млн сом бөлүнгөн. Цехти куруп бүткөрүү 2025-жылдын күз айларына пландалууда. Министр заманбап имарат бүтүп калса, кызматкерлер үчүн да ыңгайлуу шарттар жаралып, сапаттуу жумуш алып баруусуна шарт түзүлөрүн билдирди.
Сирия Израиль менен согушкандан коркпойт жана кармашканга даяр экенин аталган өлкөнүн убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа айтканын Reuters жазды. 16-июлда Израиль сириялык армиянын башкы штабы менен президенттин Дамаскидеги кан сарайынын тегерегин аткылаган. Израиль армиясы Сирия менен чектешкен жерлерде күчтөрдү арбытып, бекемдөөнү чечкен. Бир суткада өлкөнүн түштүгүндөгү танкаларды, ракеталык түзүмдөрдү жана пикаптарды аткылаган. Дамаск шаарында бир киши каза таап, 18ге чукулу жаракат алган. Тель-Авив мурдараак эгерде сириялык күчтөр друздарга ( өзүнчө этникалык диний топ болгон Жакынкы Чыгыштагы этноконфессиялык тайпа) чабуул жасоону токтотпосо "жанды көзгө көрсөткөн сокку" урарын айтып коркуткан эле.