Жыл башынан бери ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 28 кыргызстандык ишкана кирди. Муну менен аталган тизмеге кирген кыргыз ишканаларынын саны 462ге жетти. Айыл чарба министрлигинин кабарлашынча ЕАЭБдин талаптарына жооп берген ишканалардын катарында сүт, эт, балык, бал, ошондой эле канаттуулардын жана башка мал чарбачылыгы багытындагы өндүрүүчү жана кайра иштетүүчүлөр ишканалар бар.
“Ачык кеп” программасынын бул чыгарылышында аталган реестрге кирген кыргыз ишканалары жана алардын мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Ветеринардык кызматынын бөлүм башчысы Тилек Табалдиев жооп берди.