Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Нарын, Талас жана Баткен мамлекеттик университеттерин Кыргыз улуттук университетине кошуу сунушталууда. Тиешелүү документ коомдук талкууга чыгарылды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги президенттин жарлыгынын долбоорун даярдаган. Бул кадам интеллектуалдык, материалдык жана уюштуруучулук ресурстарды топтоп, бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандырууга жана региондордогу билим сапатын көтөрүүгө багытталган. Демилгечилер башка дагы артыкчылыктарды тизмектешти: жогорку билим берүү системасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана региондордо адис даярдоонун сапатын жакшыртуу; бириктирилген университет Кыргызстандын экономикасынын негизги секторлорунда кадрдык жана технологиялык лидер болуп калат; жаш адистерди жер-жерлерде жумуш менен камсыздоо аркылуу региондордон борборго болгон миграция агымын азайтуу. Долбоор колдоо тапса 5-10 жыл ичинде университет илим, технология жана кадр даярдоо жаатында дүйнөлүк деңгээлге чыгуусу мүмкүн экени кошумчаланды.
"Көлдүн жээги баарына ачык болушу керек".Ысык-Көл облусунун башчысы айрым пансионат, эс алуу жайларын кыдырып, текшерип чыкты Буга чейин соцтармакта айрым эс алуу жайларында баанын көтөрүлүп кеткени, жээктерге чектөө коюлганы, санитардык көйгөйлөр боюнча маалыматтар тараган. Бакытбек Жетигенов текшерип чыгып, көлдүн жээги таза жана баарына ачык болушу керектигин белгилеген. "Эс алуучу — кардар эмес, бул жердин ээси. Анын укугу тебеленбеши керек", — деген Жетигенов. Текшерүүдөн кийин айрым жетекчилерге катуу эскертүү берилип, каталарды жоюу боюнча тапшырмалар коюлду.
УКМК "Ислам мамлекети" террордук уюмунун тарапташы кармалганын кабарлады. Атайын кызматтын берген маалыматы боюнча, Кыргызстандын 22 жаштагы жараны үгүтчүлөрдүн таасири менен аталган уюмду колдой баштаган. Сирияга кетүүгө камынып, ИМ "халифине" ант берген бир нече видеокайрылуу жаздырган. Мындан тышкары, уюм тууралуу маалыматтарды, террорчулукту актап, теракт жасоого үндөгөн роликтерди фейк аккаунттар аркылуу таратууга шектелип жатат. УКМК террорчулукту жайылтуу бул сөз эркиндиги эмес, кадимки кылмыш экенин эскертүүдө. Атайын кызмат элди этият болуп, диний билимди ишенимдүү жактардан гана алууга чакырып келет.
Колумбия НАТОдон жана согушка аралашкан европалык мамлекеттерден алысташы керек. Бул тууралуу өлкө президенти Густаво Петро Боготада өткөн Гаага тобунун иш-чараларынын жабылышында билдиргенин РИА Новости жазды. "НАТОдон чыгышыбыз керек, башка жолубуз жок. Өз элин сатып, бомбалоого катышкан европалык мамлекеттер менен мамиле кура албайбыз", — деген Петро. Өлкө башчынын айтымында, НАТОнун маанилүү өнөктөшү деп эсептелген Колумбия армиясы "балдарды бомбалаган" альянска мүчө боло албайт. Колумбия президенти эгер Батыш мамлекеттери тарабынан кысым жасала турган болсо, Богота башка региондон колдоо таба аларына ишенимин билдирген. Петро буга чейин Израилдин Газа секторундагы аракеттерин сындап, президенттин жарлыгына карабай Тель-Авивден курал сатып алып жаткан коргоо министринин саясатынан күмөн санаарын билдирген.