Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Өлкөдө ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана экспорттоочуларды колдоо чараларын күчөтүлүүдө. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматовдун төрагалыгы алдында өткөн бизнес-коомчулук менен кеңейтилген жолугушууда айтылды. Мекеменин маалыматына караганда, жолугушууга өндүрүштүк сектордун өкүлдөрү, экспорттук компаниялар, тармактык ассоциациялар, ошондой эле самын жана жуугуч каражаттар, жашылча-жемиш, коондор, бал жана башка багыттар боюнча кластердик бирикмелердин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар тарабынан конкреттүү сунуштар жана сунуштамалар берилди. Алар кыргыз продукциясынын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган колдоо механизмин өркүндөтүүгө негиз болот.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов Ысык-Көл районундагы бир катар пансионаттарды жана эс алуу жайларын кыдырды. Облустагы өкүлчүлүктөн билдиришкендей, текшерүүнүн жүрүшүндө президенттин "Пляж аймактарына кирүүнү камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгынын аткарылышына өзгөчө маани берилди. Анткени жарандардын жээкке мыйзамдуу жана эркин жетүү укугу камсыз кылынышы керек. Бакыт Жетигенов пансионаттарда көрсөтүлүп жаткан кызматтар, санитардык тазалык, куткаруучулардын ишин уюштуруу, суу скутерлери үчүн техникалык зоналардын жайгашуусу, пирстерге жана жээкке акысыз өтүүнүн мүмкүнчүлүгүн карап чыгып, айрым кемчиликтерге катуу сын айтты.
УКМК Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кармалышынын чоо-жайын ачыктады. Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүгө ылайык, вице-мэр кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган."Алты жылдан бери Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанындагы 1500 чарчы метр жер мыйзамсыз пайдаланылган. Ал жерге төрт жеңил конструкциядагы коммерциялык объект жана беш балдар аттракциону орнотулган. Ырсалиев бул коммерциялык объектилерди мыйзамсыз орнотууга колдоо көрсөтүп, алар мэриянын уруксатысыз иштеп жүрүшкөндүктөн ижара да төлөшкөн эмес", — деп жазылган маалыматта. Мындан тышкары, Октябрь райондук администрациясы бул жерге сейил бак жана балдар аянтчасын куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга тоскоолдук кылганы айтылган. Бул жергиликтүү тургундардын нааразычылыгын туудурган. Бул ишке байланыштуу Ырсалиев менен бирге дагы бир адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Россия дүйнөдөгү ири экономиканын тизмесинде төртүнчү позициясын сактап калды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды. Кеп сатып алууга жөндөмдүүлүк паритети боюнча эсептелген ички дүң продукциянын көлөмү туурасында жүрүп жатат. Тагыраагы, мында баа айырмачылыктары боюнча эсептелген. 2024-жылы Россиянын экономикасынын көлөмү 6,92 триллион долларды түздү. Бул — Дүйнөлүк банк берген маалымат. Үчтүк менен алсак, биринчи орунда 38,2 триллион доллары менен Кытай турса, экинчиде 29,2 триллион доллар АКШ турат. Ал эми үчүнчү орунда 16,2 триллион доллар менен Индия жайгашты. Бешинчи орунда калган Японияны Россия бир жылда 514 миллиард долларга көбөйгөн ИДПсы менен басып өткөн.