Туура тамактануунун орду чоң. Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен кантип туура алектениш керек?

Sputnik
Жайдын аптаптуу күндөрүндө спорт менен туура алектениш керек. Эртең менен же кечинде машыгуу коопсузураак. Бул мезгилде адам спорттун кайсы түрү менен алектенбесин сууну көп ичип, кийимди туура тандоо сунушталат. Ысык күндөрү спорт менен машыккандар үчүн туура тамактануу да маанилүү. Машыгуу алдында 1-2 саат мурда жеңил тамактарды тагыраагы белок, клетчатка, углевод бар азыктарды пайдалануу дурус. Арыктоону, салмак кошууну каалагандар белоктуу азыктарды көп пайдаланышы абзел. Жаш куракка, организмдин өзгөчөлүгүн жараша болот бирок орточо эсеп менен бир күндө 30 грамм белок кабыл алуу натыйжалуу. Ысыкта туура эмес машыгуунун кесепеттери да болушу мүмкүн. Бул тууралуу реабилитолог, спорттук дарыгер Жанылмырза Бакиридин кызы жана диетолог Жаркынай Нурлан кызы кеп кылышты.