Кыргызстанга Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди. Маалыматка ылайык, визит 20-июлда башталмакчы. Сапардын алкагында Ухнаагийн Хурэлсухтун президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө. Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес-форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалганы кошумчаланды.
Эл аралык мамилелерде ишенбестик, кош стандарттуулук жана макулдашууларды одоно бузуу көп болуп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотов "Союзники. ОДКБ" басылмасына берген интервьюсунда билдирген. Анын айтымында, көп жана эки тараптуу мамилелер кадимки опузалоо жана омуроолоого чейин түшүп кетүүдө. "Аскердик күч мыйзамсыз жана ылгабай колдонулуп, мунун кесепетинен саясий шоулар уюштурулуп келет. Алар бейкүнөө набыт болгондордун арбагын каралап, жалпы адам өмүрүнүн баалуулугун жокко чыгарат," — деди Бекболотов. Ал ЖККУга мүчө өлкөлөр бири-биринин кызыкчылыгына сый мамиле жасап, коопсуздукту камсыздоону макулдашуп жана ошол багытта айкын иш алып барып жатканын белгиледи.
Ысык-Көл облусундагы мектептин курулушу акча которулса да бүтө элек. Буга байланыштуу эки адам кармалганын УКМК билдирди. Маалыматка караганда, 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен мектеп курууга долбоордук наркы 59 миллион сом болгон тендер жарыяланган. Натыйжада жеңүүчү деп табылган курулуш компаниясы менен келишим түзүлүп, объект 2023-жылдын ноябрына чейин бүткөрүлүшү керек болчу.Бирок бүгүнкү күнгө чейин курулуш иштери аяктаган эмес. Анткен менен аталган компания 48 миллион сом алып, анын 35 миллион сомун өздөштүргөн. Буга байланыштуу ошол кездеги Капиталдык курулуш башкармалыгынын директору жана курулуш фирмасынын башчысы кармалган.
Европанын азыркы эмоционалдык абалы акылдан айныган чекке жакындап калды, европалыктар согуштан башка нерсени оозана албай калгандай. Бул тууралуу Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды. Анын айтымында, мындан улам Украинага Батыштан курал-жарактын ташылышы боюнча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын. Кремлдин өкүлү "АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага деп европалыктардын Америкадан курал сатып алуусу тууралуу сөзү Киевге ок-дары азыраак жөнөтүлөрүн түшүндүрөбү?" деген суроого жооп берген. "Биздин бул боюнча кабарыбыз жок. Азырынча европалыктардын согуштан башканы оозана албай, жаңжалды узартуу үчүн курал сатып алууга ого эле көп акча жумшоого даярдыгын гана көрүп турабыз. Мындай акылдан айныган чекке жакын эмоционалдык абалын карап туруп бир нерсе деш, албетте, кыйын", — деди Песков.