Окуучулар, студенттер жайкы эс алууга тарап, билим берүү мекемелери убактылуу жабык турат. Бирок каникулда да убактыларын текке кетирбей, изденүүсүн уланткан билим сүйүүчүлөрү көп. Мындай жаштардын эң сүйүктүү жайы албетте китепкана. Биз “Күн башат" программасынын бул чыгарылышында дал ушул китепканаларда билим издеген жаштарга кандай шарт түзүлгөнү, дегеле китепканалар жай мезгилинде кандай иш алып барары тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын директору Роза Султангазиева жооп берди.