БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эл аралык мамилелерде ишенбестик, кош стандарттуулук жана макулдашууларды одоно бузуу көп болуп жатат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Бактыбек Бекболотов "Союзники. ОДКБ" басылмасына берген интервьюсунда билдирген.
Анын айтымында, көп жана эки тараптуу мамилелер кадимки опузалоо жана омуроолоого чейин түшүп кетүүдө.
"Аскердик күч мыйзамсыз жана ылгабай колдонулуп, мунун кесепетинен саясий шоулар уюштурулуп келет. Алар бейкүнөө набыт болгондордун арбагын каралап, жалпы адам өмүрүнүн баалуулугун жокко чыгарат," — деди Бекболотов.
Ал ЖККУга мүчө өлкөлөр бири-биринин кызыкчылыгына сый мамиле жасап, коопсуздукту камсыздоону макулдашуп жана ошол багытта айкын иш алып барып жатканын белгиледи.
"Салттуу дипломатия жана акыл-эс менен иш алып барууга дүйнөлүк лидерлер (анын ичинде Кытай, Россия бар) жана Жакынкы Чыгыш, Түштүк Азия менен болгон өнөктөштүк жардамын тийгизет. Учурда ЖККУ, КМШ жана ШКУ менен алаканы өнүктүрүү боюнча жол картасын макулдашуу иштери жүрүүдө", — деген ал.