БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө 13-15-августта Кыргыз-Россия тараптын VII экономикалык форуму өтөрүн уюштуруучулар билдиришти.
Бул иш-чара — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулай турган негизги аянтча. Форумда санариптештирүү, финансы, логистика жана башка стратегиялык тармактар боюнча кеп болот.
Иш-чаранын алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун (ПЭЭФ) көчмө сессиясы да уюштурулат. Иш-чарага жүздөгөн делегация катышары жана он миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө.
"Бул — дүйнөлүк алдыңкы экономикалык форумдардын бири тарабынан жаралган уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындай өнөктөштүк иш-чаранын деңгээлин көтөрүү менен чектелбейт. Андан сырткары, кыргыз бизнесин евразиялык жана глобалдык экономикалык мейкиндикке алып чыгууга кадимкидей түрткү берет", — деп РКӨФтөн билдиришти.