Элчиден пара алууга шектелип Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Эсеп палатасынын башкы инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү А.И.К. элчиликтерди текшерип, "каржылык мыйзам бузуулар аныкталды" деген шылтоо менен элчилердин биринен акча талап кылган.
Иш козголуп, пара алуу фактысы тастыкталганы айтылды. Натыйжада шектүү өлкөгө кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Бишкектин вице-мэри Жамалбек Ырсалиевдин кармалганы айтылды