Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Трамп Украинага ыраакка атылуучу ракета берилбей турганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Украинага ыраакка атылуучу ракета берилбей турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү Military Watch Magazine өзүнүн маалымат булактарына таянуу менен Трамптын администрациясы Украинага JASSM канаттуу ракеталарын берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирген. Басылманын айтымында, бул ракеталар Украина Куралдуу күчтөрүнө жөнөтүлүп келген F-16 истребителдерин жабдууга пайдаланылмак.
Трамп журналисттин суроосуна жооп берип жатып "жок, биз андайга барбайбыз" деген.
Муну менен катар АКШ лидери Украинада америкалык аскерлер болбой турганын да белгиледи.
"Бул нерседен өткөнбүз". Лавров Трамптын койгон шарттарына жооп берди