БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Минералдык жана газдалган сууларды милдеттүү түрдө маркалоо мөөнөтү 1-январга чейин жылдырылды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Чечим сезон учурунда суунун өндүрүшүн жана импортун үзгүлтүккө учуратууга жол бербөөгө жана ишкерлердин кайрылуусуна байланыштуу кабыл алынган. Маркаланбаган товар үчүн айып салынбай турганы белгиленди.
Эскерте кетсек, 15-июлдан тарта таңгакталган сууну милдеттүү түрдө маркалоо каралган болчу.