Төртүнчү орун: Россиянын экономикасы бекемделүүдө. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Россия дүйнөдөгү ири экономиканын тизмесинде төртүнчү позициясын сактап калды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье каналы жазды.
Кеп сатып алууга жөндөмдүүлүк паритети боюнча эсептелген ички дүң продукциянын көлөмү туурасында жүрүп жатат. Тагыраагы, мында баа айырмачылыктары боюнча эсептелген.
2024-жылы РФтин экономикасынын көлөмү 6,92 триллион (6,45 триллион долларга каршы) долларды түздү. Бул — Дүйнөлүк банк берген маалымат.
Үчтүк менен алсак, биринчи орунда 38,2 триллион доллары менен Кытай турса, экинчи АКШ (29,2 триллион доллар) болду. Ал эми үчүнчү орунда 16,2 триллион доллар менен Индия турат. Бешинчи орунда калган Японияны РФ бир жылда 514 миллиард долларга көбөйгөн ИДПсы менен басып өткөн.
Буга чейин Россиянын ИДПсы соңку эки жылда дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору өскөнү айтылган.
Путин: Россиянын ИДПсы соңку эки жылда дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн жогору өстү