БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Европанын азыркы эмоционалдык абалы акылдан айныган чекке жакындап калды, европалыктар согуштан башка нерсени оозана албай калгандай. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков айтканын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, мындан улам Украинага Батыштан курал-жарактын ташылышы боюнча кандайдыр бир божомол жасоо кыйын.
Кремлдин өкүлү "АКШ президенти Дональд Трамптын Украинага деп европалыктардын Америкадан курал сатып алуусу тууралуу сөзү Киевге ок-дары азыраак жөнөтүлөрүн түшүндүрөбү?" деген суроого жооп берген.
"Биздин бул боюнча кабарыбыз жок. Азырынча европалыктардын согуштан башканы оозана албай, жаңжалды узартуу үчүн курал сатып алууга ого эле көп акча жумшоого даярдыгын гана көрүп турабыз. Мындай акылдан айныган чекке жакын эмоционалдык абалын карап туруп бир нерсе деш, албетте, кыйын", — деди Песков.