Бишкекте футбол боюнча олимпиадалык курамалардын мелдеши башталды. Убакыт-сааты

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кечээ Бишкекте футбол боюнча олимпиадалык курама командалар арасында (U-23) эл аралык мелдеш башталды. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Кыргызстан, Оман, Бахрейн, Сириянын футболчуларынын ортосундагы беттештер Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук жана "Достук Арена" (Беш-Күнгөй) футбол клубунун стадиондорунда өтөт.
Мелдеште күйөрмандарды беттештерден сырткары атайын оюн-зоок программасы күтөт. Алсак, чет өлкөгө эс алууга жолдомо ойнотулуп, акысыз балмуздак таратылат. Мындан сырткары, Султан Садыралиев, Нурайым Акылбекова сыяктуу ырчылар катышкан концерттик программа тартууланат.
Беттештер саат 20:00дө башталат. Жүгүртмөсү:
17-июль — Оман – Бахрейн (ФК "Достук Арена"), Кыргызстан – Сирия (Д. Өмүрзаков стадиону);
20-июль — Сирия – Бахрейн (ФК "Достук Арена"), Кыргызстан – Оман (Д. Өмүрзаков стадиону);
23-июль — Оман – Сирия (ФК "Достук Арена"), Кыргызстан – Бахрейн (Д. Өмүрзаков стадиону).
Мелдеш 1-9-сентябрь күндөрү Бишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо туруна даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө. Анда Кыргызстандын U-23 курамасы E тайпасында Өзбекстан, Палестина жана Шри-Ланка командалары менен күч сынашат.
Футбол боюнча улуттук курама командага убактылуу машыктыруучу дайындалды