ЕЭК министри быйыл ЕАЭБде түшүм былтыркыдан жакшы болорун болжоду

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Быйыл ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдө түшүмдүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу жогору болот. Бул тууралуу ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян билдирди.
Анын айтымында, 2024-жылы аба ырайынын жагымсыз шарттарынан улам жалпы түшүм аз болгон.
"Былтыр дан эгиндеринин түшүмү азайганы менен ЕАЭБ боюнча ички муктаждык ички өндүрүштүн эсебинен толугу менен камсыздалган," — деди Барсегян "Российская газета" басылмасына берген маегинде.
Министр былтыр түшүм аз болсо да уюмдун муктаждыгы импортсуз жабылганын кошумчалады.
Кыргызстан элди турак жай менен камсыз кылуу темпи боюнча ЕАЭБде лидер болду