Вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди суракка алып кеткен учурдун видеосу жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкектин вице-мэр Жамалбек Ырсалиев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен кармалган.
Бүгүн УКМК башчысы Туңгуч кичи районуна барып, эл менен жолуккан. Анда жергиликтүү тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы жерди вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жеке кызыкчылыгы үчүн колдонуп келе жатканын айтышкан.
"Сиз бул жерди 6 жылдан бери пайдаланып келе жатканыңызды баары билет. Мени же Бишкек мэрин алдап коюшуңуз мүмкүн. Бирок элди, ак көз, кара көздү кантип алдайсыз? Бул жерди 6 жыл колдонуп, бирок бир дагы ижара акысын төлөбөптүрсүз. Жасап койсоңуз да ижара төлөш керек эле. Менчик жериңиз эмес, муниципалдык жер. Өзүңүз вице-мэрсиз. Ижара акысын чогултуучу кишисиз. Эркек болуп, жоопкерчилик алып элден кечирим сурашыңыз керек", — деген УКМК төрагасы.
Ырсалиев ошол жерде тургандардан кечирим сураган.
"Жамалбек, сени жакшы тааныйм. Атыңызды укканда келгим деле келген эмес. Бирок баары бир жоопкерчилигиңизди карап, жоопко тартышыбыз керек. Ижара акысын төлөбөй койгондон да башка иштер бар. Тергөө жүргүзүш керек", — деген УКМК төрагасы.
Бишкек мэри Айбек Жунушалиев бул жерге эки айда балдар аянтчасы жана сквер түшөрүн убадалаган.
Буга чейин УКМК төрагасы Сокулукка барып, Новопавловка айыл өкмөтүнүн башчысын камоону тапшырган. Көп өтпөй Пригородное айылынын башчысын карматып, мэрдин кадр тандоодогу чабалдыгын белгилеген эле.
Элчиден пара алууга шектелип Эсеп палатасынын башкы инспектору кармалды