БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Өлкөгө мототранспорт алып келүүдө 48 миллион сомдон ашык зыян келтирилгенин ИИМден билдиришти.
Эксперттик уюмдун адистери мопед, скутер, мотоциклдердин баарын 50 куб деп жазып бере беришкен. Ал "кызматы" үчүн 2 500 сомдон өйдө алышкан.
"Натыйжада былтыр августтан бери 4 388 корутунду берилген. Ал эми мыйзамсыз алып келинген мототранспорттор интернет аркылуу жөнөкөйлөтүлгөн схема менен сатылган. Мындан улам бюджетке келтирилген зыяндын көлөмү 48 миллион 158 миң 300 сомду түздү", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү катары эксперттик уюмдун 52 жаштагы ээси К.А., 48 жаштагы директору Б.Г. жана 46 жаштагы эксперти С. К. кармалып, камалды.