БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Париж Кошмо Штаттардан Киев үчүн курал сатып алуу боюнча демилгеге катышууну көздөбөйт, себеби өлкө өзүнүн курал-жарак өндүрүшүн өнүктүрүү ниетинде. Бул туурасында РИА Новости Politico басылмасына таянып билдирди.
Басылма НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугуп, Украинага курал сатып алуу демилгесине катыша турган мамлекеттерди санаганда Францияны атабагандыгын жазды.
Politico Франциянын президенти Эммануэль Макрон европалыктарды өздөрүнүн коргонуу өнөр жайын өнүктүрүүгө, курал-жаракты жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алуу аркылуу колдоого көптөн бери чакырып келгенин белгиледи.
"Ушул себептен улам Париж Американын куралдарын сатып алуу боюнча демилгеге кошулбайт", – деп басылма эки маалыматы бар француз аткаминерине таянып жазган.
Шейшемби күнү Чехиянын премьер-министри Петр Фиала анын өлкөсү АКШ президенти Дональд Трамптын НАТОнун мүчө өлкөлөрү аркылуу Украинанын армиясына америкалык курал сатып алуу долбооруна катышпай турганын билдирди. Ал Чехия Украинага башка жолдор менен жардам берип жатканын айткан.
Трамп буга чейин өзүнөн мурдагы президент Жозеф Байденди Украинага көп миллиарддык аскердик жардам көрсөткөнү үчүн бир нече жолу сындаган. Ал эми дүйшөмбү күнү Киевге курал жеткирүүнүн жаңы схемасы тууралуу жарыялады.
Анын айтымында, АКШ Европа өлкөлөрүнө ракета, абадан коргонуу системаларын жана ок-дарыны кошкондо миллиондогон долларлык чоң көлөмдөгү курал сатат. Андан кийин европалык союздаштар бул куралдарды Украинага өткөрүп беришет. Андан соң өздөрүнүн коргонуу корун кайра толукташ үчүн америкалык өндүрүүчүлөрдөн жаңы курал сатып алышат.
Трамп белгилегендей, бул схема толугу менен макулдашылган.