Пресс-борбор

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн медицинасына ЖИ кандай таасир этет? Эксперттин жообу

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Жасалма интеллект медицинада колдонулуп жатат, бирок акыркы чечимди дайым дарыгер кабыл алат. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө ЕАЭБ мамлекеттеринин дарыгерлери жасалма интеллектиге кеп-кеңеш алуу үчүн кайралып келишет.
"Мисалы, район, шаар, мамлекет болуп эки миллиондой кардиограмма жүктөлүп турат. ЖИ талдап, кишинин көзү көрө албаган нерселерди таап чыгат", — деп түшүндүрдү эксперт.
Онищенко ушундан улам жүрөк-кан тамыр ооруларында диагноздун номенклатурасы кыйла кеңейгенин белгиледи. Мындай жагдай дарыгерлерге дарылоого эле эмес, организмдеги тигил же бул өзгөрүүгө жараша дары-дармек тандоого, оору жаңыдан башталып келе жатканда аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
"Чечимди машина эмес, дарыгер кабыл алат, оору тарыхына да дарыгер кол коет. Юридикалык жактан алып караганда ЖИ укуктук субъект боло албайт. Дарт кандай дарыланарын дарыгер гана чечет", — деди эксперт.
Пресс-борбор
Кыргызстанда кандай жаңы медициналык технологиялар пайда болушу мүмкүн