БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бишкекте Кыргыз-Россия достук ооруканасынын курулушу Кыргызстанда медициналык билим берүү менен адистерди даярдоо деңгээлин жакшыртмак. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын академиги, Россиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко Sputnik агенттигинин маалымат борборунда билдирди.
Россия илимдер академиясынын академиги, Россиянын Билим берүү академиясынын президентинин орун басары Геннадий Онищенко Sputnik агенттигинин маалымат борборунда
© Sputnik / Виталий Белоусов
3-апрель күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары Андрей Плутницкийге Бишкекте Кыргыз-Россия достук ооруканасын салууну сунуштаган. Ал курулуш сапаттуу медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырып, Россиянын алдыңкы клиникаларынын катышуусу менен жергиликтүү кадрларды даярдоо үчүн платформа болуп каларын белгилеген.
Онищенконун айтымында, эгер долбоорго Россия да акча бөлө турган болсо, бул жай практикалык билим берүүнүн олуттуу платформасына айланат.
"Дарыгерге теория менен бир нерсе үйрөтүү мүмкүн эмес. Ал бейтаптын жанында туруп үйрөнөт, өмүр бою окуйт. Мындай клиника баштапкы медициналык билим ала турган, дипломго ээ болгондон кийин да окуй турган жер болмок. Республиканын бардык жагынан дарыгерлер келип, кесипкөйлүгүн арттырат", — деди академик.
Онищенко аталган долбоордун маанилүү экенин белгилеп, бардык жагынан колдоого чакырды.