Кыргызстан Беларусь мамлекети менен асыл тукум мал чарбасынын сапатын жакшыртуу жана мал чарбачылыгында санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча кызматташат. Бул тууралуу Бакыт Шарапов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эми Беларусь мамлекетинен асыл тукум малды, ошондой эле урук алып келүүгө болот.
"Мындан тышкары, адистерди атайын окутууларга жөнөтүү боюнча макулдаштык. Анын алкагында биргелешкен семинарлар өткөрүлүп турмакчы. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 2 миллион бодо мал бар. Бирок азыркы тапта алардын тукуму аралашып, сапат начарлап жатат. Ошондуктан асыл тукум мал чарбачылыгын жакшыртууга басым жасалууда. Эгерде асыл тукум мал же алардын уругун алып келип жасалма уруктандырсак, анда сандан сапатка өтөбүз. Эки эле уй 10 уйдун сүтүн берип койгон жакшы эмеспи. Түйшүгү да аз болот. Бизде өлкөнүн климаттык шартына ылайыкташкан "Ала-Тоо" тукумундагы уйлар бар. Алар союз учурунда 3 000 литрге чейин сүт берчү, азыркы тапта алардын сүттүүлүгү да азайып баратат", — деди Шарапов.
Ал ошондой эле мал ээлери идентификация талаптарын көп учурда аткарбай жаткандыктан бул тармакты санариптештирип, мобилдик тиркемелер аркылуу процессти жеңилдетип, жеткиликтүүлүктү арттыруу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.