Талас менен Ак-Талаа райондоруна жаңы акимдер дайындалды

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Талас району менен Ак-Талаа районуна жаңы акимдер дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койгон. Ага ылайык, Нарын облусунун Ак-Талаа районуна аким болуп Мирлан Камчыбеков барды. Буга чейин Ала-Букадагы Айры-Там айыл өкмөтүн башкарган.
Ал эми Талас районуна аким болуп буга чейин Талас шаарынын мэри, Тоң районунун акими болуп иштеген Байышбек Астанакулов келди.
Каныбек Туманбаев Балыкчынын жаңы мэри бөлөсү экенин билдирди