Адаттагыдан ысыгыраак болот. Августка карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет август айына карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында абанын орточо температурасы климаттык нормадан 1-1,5 градус жогору болушу күтүлөт. Жаан-чачындын айлык көлөмү кээ бир аймактарда нормадан төмөн болушу мүмкүн.

Чүй облусунда

Орточо температура 22…24 градус болот. Ай ичинде күндүн табы 24…29 градустан 33…38 градуска чейин жетиши ыктымал. Ал эми түнкүсүн 10…15 градустан 19…24 градуска чейин болору болжолдонду.

Талас облусу

Абанын температурасы түнкүсүн 6дан 18ге чейин жетет. Күндүз күндүн табы 21…26 градустан 31…36 градуска чейин жетиши мүмкүн.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

Бул аймактарда термометрдин көрсөткүчү түнкүсүн 12 градустан 25ке чейин чыкса, күндүз 24төн 38 градуска чейин жогорулайт.

Ысык-Көл облусу

Региондо абанын температурасы түнкүсүн 6 градустан 18ге чейин көтөрүлөт. Күндүз болсо 18ден 32 градуска чейин ысышы ыктымал.

Нарын облусу

Аймакта түнкүсүн 1-6 градуска чейин салкындаса, күндүз термометр 18ден 32 градуска чейин чыгары айтылган.
39 градуска чейин ысыйт. Республика боюнча бир жумага карата аба ырайы