17-июлга карата аба ырайы

17-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Бейшембиде тоолуу аймактарда күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34…+39, Талас аймагында +32…+37, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +33…+38, Ысык-Көл жеринде +25...+30 жана Нарын өрөөнүндө +24…+29 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +36…+38, Ош шаарында +35…+37 градуска көтөрүлөт.
Минералдык, газдалган сууларды милдеттүү маркалоо мөөнөтү 1-январга жылды