Ысык-Ата районундагы Такыр-Төр көлү жырылып кетип, төмөн жакта жайгашкан айылдарга коркунуч жаратты. Бул кырсыктын натыйжасында Ысык-Ата районундагы Алмалуу менен Кебек-Бий айылдарынын ортосундагы көпүрө агып кетти жана 950 тургун эвакуацияланды. Жабыркагандар катталган жок деген маалымат болсо да, бул окуя табигый кырсыктарга даярдык көрүү жана алдын алуу боюнча кайрадан олуттуу суроолорду жаратты.
Бүгүнкү берүүдө өлкөдөгү чакан көлдөр жана ал жерлердеги коопсуздук чаралары тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев жооп берди.