Ысык-Көлдө 13-15-августта Кыргыз-Россия тараптын VII экономикалык форуму өтөрүн уюштуруучулар билдиришти. Бул иш-чара — Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулай турган негизги аянтча. Форумда санариптештирүү, финансы, логистика жана башка стратегиялык тармактар боюнча кеп болот. Иш-чаранын алкагында Петербург эл аралык экономикалык форумунун көчмө сессиясы да уюштурулат. Иш-чарага жүздөгөн делегация катышары жана он миллиондогон долларлык келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. "Бул — дүйнөлүк алдыңкы экономикалык форумдардын бири тарабынан жаралган уникалдуу мүмкүнчүлүк. Мындай өнөктөштүк иш-чаранын деңгээлин көтөрүү менен чектелбейт. Андан сырткары, кыргыз бизнесин евразиялык жана глобалдык экономикалык мейкиндикке алып чыгууга кадимкидей түрткү берет", — деп РКӨФтөн билдиришти.
Кыргызстан жашылча өсүмдүктөрүнүн уруктары менен өзүн-өзү камсыздоого ишенимдүү бел байлады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал үчүн 9 "Акылдуу күнөсканалар" курулуп бүтүп, пияз, корей калемпири жана бадыраңдын уругун сыноо иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Анын негизги максаты жашылча өсүмдүктөрүнүн уругуна болгон импорттук көз карандылыкты азайтуу, жергиликтүү өндүрүштү чыңдоо, сапатын жогорулатуу аркылуу жашылча үрөндөр менен камсыз кылуунун туруктуу системасын түзүү жана селекциялоо инфраструктурасын өнүктүрүү болуп саналат. Борбордун расмий ачылышы 2025-жылдын сентябрь айына пландалууда.
Жалал-Абадда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын Күзөт жана коштоо департаментинин аскердик милдетин өтөп жаткан жоокери жанын кыйды. Cөөк батальон командиринин кабинетинен табылганын маалымат булактарыбыз билдирди Маркум өлөр алдында кат жазып кеткен, анда чогуу кызмат өтөгөндөр менен мамилеси келишпегени айтылган. 20 жаштагы жигит аскерге жазында Нарындын Кочкор районунан чакырылганы белгилүү болду.
Эсеп палатасынын башкы инспектору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, шектүү элчиликтерди текшерип, "каржылык мыйзам бузуулар аныкталды" деген шылтоо менен элчилердин биринен акча талап кылган. Иш козголуп, пара алуу фактысы тастыкталганы айтылды. Натыйжада шектүү өлкөгө кайтып келе жатканда "Манас" аэропортунан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Россиянын президенти Владимир Путин Украинадагы согушту сүйлөшүү жолу менен токтотууну каалайт. Бул туурасында Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп айтканын РИА Новости жазды. "Путин тынчтыкты каалай турганын көп айтат. Мен да анын ниети бар деп ишенем, муну жакында билебиз", — деп журналисттерге айткан. Трамп муну менен катар эле Москва айткандарын азырынча иш менен бекемдей элек деген. Анын пикиринде, Россия 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүшү керек. Болбосо россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерине "убада берген".