Быйыл, 1-июндан тарта унааларды милдеттүү камсыздандыруу талабы иштей баштады. Буга байланыштуу камсыздандыруу полиси жокторго 3 миң сомдон айып салынууда. Милдеттүү камсыздандыруу иши кандай жүрүүдө? Ал кантип көзөмөлдөнөт?
Бүгүнкү берүүдө ушул жана башка суроолорго жооп издедик. Берүүнүн коноктору, Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы Тахмина Камчыбекова, Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төлөм башкармалыгынын башчысы Азатбек Осмоналиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма-сөз кызматынын башчысы Иличбек Кулназаров.