Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөрүн билдирди. Ал "Биринчи радиого" берген маегинде жарандардын жашоо деңгээли кыйла жакшырарын айтты. "Токчулукта жашайбыз. Ар бир үй-бүлөнүн жылына жок дегенде бир жолу чет өлкөдө эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болушун каалайбыз. Апаларыбыз кышында Таиланд болобу, башка дүйнөлүк курортторго барып эс алып келишсе дейбиз. Мындай нерселерди азыр Россиядан, Казакстандан көрүп жатабыз. Биз да жылына 9-10 пайыздык экономикалык өсүштү камсыз кыла алсак, 2-3 жылда эле казакстандыктардын жашоо деңгээлине жетебиз. Албетте, алардын мамлекети бизге караганда байыраак, ресурсу да көп. Бирок биз мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин жана башка социалдык кызматкерлердин турмушун жакшыртууга аракет кылабыз", — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөргө бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ведомствонун маалыматына караганда, ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкү салыктарды төлөө керек: – турак үйлөргө, батирлерге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып каралган. Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Ала-Бука районунда мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташкан логистикалык кампа курулууда. Суу ресурстартары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сактоо сыйымдуулугу 400 тоннаны түзгөн бул кампа жеке ишкер тарабынан мамлекеттик каржылык колдоонун негизинде курулууда. Курулушка жалпысынан 9 млн сом каралган. Кампа ишке берилгенден кийин алча, алма, кара өрүк сыяктуу жергиликтүү мөмө-жемиштер сакталат. Бул өз кезегинде жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, продукцияны узак убакыт сактоого жана сапатын жоготпой сатууга шарт түзөт. План боюнча объект 2025-жылдагы мөмө-жемиш сезону башталганга чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.
АКШ президенти Дональд Трамп Россияга ультиматум коюу менен Украинада тынчтык орнотуу процессине доо кетирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмага таянып РИА Новости кабарлады. "Трамп белгилеген дедлайн анын ийкемдүүлүгүн чектеп, абалды жөнгө салуу максатын татаалдаштырат. Буга кошумча, АКШга зыян келтире турган чаралардын көрүлүшүн шарттайт", — деп жазылат макалада. Басылма Трамптын санкция жана бажы алымдарынын жардамы менен Россияга жана анын союздаштарына басым жасоо аракети АКШнын негизги соода өнөктөштөрү менен мамилесин начарлатып, америкалык экономиканы кысымга учуратарын белгилеген."Трамптын Путинди сүйлөшүүгө аргасыз кылуучу экономикалык инструменти чектелүү, аскердик таасири андан да аз. Путин согуш талаасында үстөмдүк кылат, Европа Америкадан сатып алып Украинага жөнөтө турган курал-жарак абалды өзгөртүп жебербейт", — деген автор.