БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстандын соодалашуусунун 32 пайызы ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө туура келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, январь-май айларында Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодалашуусунун көлөмү 1,9 миллиард долларды түздү.
"ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын соодасы көбүнчө Россия (67,3 пайыз) жана Казакстан (30,5 пайыз) менен жүргүзүлдү. Жалпысынан алганда ЕАЭБ өлкөлөрү менен соодалашуу жалпы товар жүгүртүүнүн 32 пайызын түзүп, бул көрсөткүч экспорттун 43 пайызына, импорттун 30,3 пайызына туура келет," — деди Кудайбергенов.