500 миң долларга алдады деген шек менен "Памир Стройдун" ээси кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаровдун жакынынын атын жамынып 500 миң доллар алган деген шек менен "Памир Строй" курулуш компаниясынын ээси кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, М.А.Ш. аттуу жаран 2023-жылы үлүштүк негизде К.К.О. аттуу жарандын жер тилкесине көп кабаттуу үй курууну макулдашкан.
Былтыр мамлекеттик органдар аталган жер тилкени мамлекетке кайтаруу жөнүндө сотко арыз берип, турак жай аянтынын К.К.О. аттуу жаранга таандык 10 пайыздык бөлүгү мамлекетке өткөн.
Мындан пайдаланып калууну көздөгөн М.А.Ш. маселени өлкө башчынын тууганы аркылуу чечем деп К.К.О. аттуу жарандан 500 миң доллар алган. УКМК анын акчаны алдап алганын тактап, камакка алды.
Курулуш министри компаниялардын бирине тышкы башкаруу киргизерин эскертти