БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев кол алдындагыларга жан сакчысыз эле жүрүүнү тапшырды.
Токторбаев ачык асман алдында көчмө жыйын өткөрүп, анда Оштогу базардын жетекчисине, автобекеттин башчысына кайрылып, алардан жан сакчылар менен жүргөндү токтотууну талап кылды.
"Чыңгыз (базардын жетекчиси), сен жанагыны токтотчу. Алды-артыңдан үч-төрт киши коштоп жүрөт. "Телактарыңды" калтырчы. Сенде да, Нурланда да (автобекеттин башчысы) жан сакчы көп. Силерге ким тиймек эле? Же үч-төртөө коштоп жүргөн мода болуп калдыбы? Мына мен жан сакчысыз эле жүрөм. Сен болгону базардын жетекчисисиң, тигил — автобекеттин башчысы. Силерге ким тиет? Эч ким тийбейт!" — деди Токторбаев.