"Бул нерседен өткөнбүз". Лавров Трамптын койгон шарттарына жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Москва Дональд Трамптын Украина боюнча маселени 50 күндө жөнгө салуу тууралуу билдирүүсүнүн артында эмне турганын түшүнгүсү келет. Бул туурасында РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Пекинде өткөн ШКУнун ТИМ жетекчилеринин отурумунун соңундагы маалымат жыйында айтты.

"Бул билдирүүнүн артында эмне турганын түшүнгүбүз келет. Элүү күн дейт. Мурда 24 саат, 100 күн деген да учурлар болгон... Мунун баарынан өттүк, АКШ президентинин бул кадамдарына эмне түрткү болуп жатканын билгибиз келет", — деди Лавров.

Ал санкциялар толкунуна Москва туруштук берип келе жатканына токтолгон.
"Бизге каршы мурда болуп көрбөгөндөй көп санкциялар салынган, бирок чыдап келебиз. Мен мындан да өтүп кетерибизге шектенбейм. Бул жыйынтык көз карандысыз талдоого, анын ичинде көптөгөн батыштык экономисттер менен саясатчылардын пикирлерине негизделген", — деген Лавров ШКУнун ТИМ жетекчилеринин отурумунун аягында болгон брифингде сүйлөгөндө.
Россиянын тышкы дипломатиялык мекемесинин башчысы экинчи жээктегилердин эл аралык милденттемелери менен көп эмгек жумшалган макулдашууларга да токтолгон.
"Алардын эл аралык милдеттенмелери бар. Мен биздин өнөктөштөрдү жакшы билгендиктен эки тараптуу жол менен да, көп тараптуу формат менен да жеткен макулдашууларды аткарбай коет деп ойлобойм", — деген ал.
Эске салсак, дүйшөмбү күнү америкалык лидер Россияга 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүү боюнча шарт койгон. Болбосо Вашингтон россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерин жар салган.
Муну менен катар эле АКШ менен ЕБ Киевге америкалык курал жөнөтүү боюнча макулдашканын, анын акысын Европа төлөй турганын билдирген болчу. Жөнөтүлчү ок-дарынын катарында ракета эле эмес, Patriot системалары дагы бар.
Москва Украинага курал-жарак жеткирүү эч нерсени өзгөртө албай турганын, болгону жаңжалды создуктурарын эскертип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Трамптын жаңы билдирүүсү боюнча үн катты