Курулуш министри компаниялардын бирине тышкы башкаруу киргизерин эскертти

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Курулуш министри Нурдан Орунтаев компаниялардын бирине тышкы башкаруу киргизерин эскертти.
Журналист Эламан Карымшаковдун маалыматы боюнча, аталган курулуш компаниясы салып жаткан Бишкектеги турак жай комплексинин эки блогу бүтпөй турат, үчөө эксплуатацияга бериле элек. Бирок эл кирип жашап алган. Келишимге ылайык, үйдү 2023-жылы куруп бүтүп тапшырышы керек эле.
Курулуш министри жашоочулар менен жолугуп, компания жетекчилигине маселени чечүүгө 10 күн убакыт берген.
"Эртеңден баштап биздин балдар келип бул жакты көзөмөлдөйт. Эки жума, 10 күн келип карайбыз, болбосо "чара көрүп бергиле" деп укук коргоо органдарына кайрылабыз. Эмне мүлкү болсо алып туруп, тышкы башкаруу киргизебиз. Тышкы башкаруу дегенибиз — мамлекет келип мунун компаниясына кол салат. Анан итбай-чотбайдын баарын чыгарат. Эки жумада бүтсө, анда тышкы башкаруу киргизбейбиз. Кокус бүтпөй калса мен мамлекет жетекчилигине "бул кишиге алыбыз жетпей жатат, чара көрүп бергиле" деп киргенге даярмын", — деген Орунтаев.
Жапаров менен Ташиев Көк-Жаңгакта үйү өрттөнүп кеткен эки бүлөнү тамдуу кылышты