БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Пекин шаарында ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жамааттык жолугушуусуна катышты. Бул туурасында министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган иш-чарада Кытайдын лидери Си Цзиньпин да болду.
Ал ШКУнун алкагында өз ара ишенимди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алаканы мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, Кытай аймактагы биргелешкен демилгелерди илгерилетүүнү кубаттай турганын билдирди.
Кытайдын төрагасы 2024-2025-жылдардагы Кытайдын ШКУдагы төрагалыгынын артыкчылыктарына жана жыйынтыгына токтолгон. Учурдагы дүйнөлүк көйгөйлөргө жана коркунучтарга каршы күрөшүүдө кызматташууну тереңдетүү зарылдыгын баса белгилеген.
Жолугушууга ошондой эле Беларустун, Индиянын, Ирандын, Казакстандын, Кытайдын, Пакистандын, Россиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери катышкан.