Ысык-Көлдө гидроскутерчен киши 7 жаштагы баланы сүзүп кетти

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу борборлорунун биринде гидроцикл менен жүргөн адам жети жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуянын видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов тарабынан жарыяланды.
Күбөлөрдүн айтымында, скутерчен мас болуп, айланадагыларга орой мамиле жасаган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген.
49 жаштагы шектүү ошол айылдын тургуну экени аныкталып, кармалган.
Буга чейин көлдө скутер колдонууну чектөө сунушталган. Кийин ишкерлердин суранычынан кийин талптар жумшартылып, адамдар топтолгон пляждарда гидроскутер колдонууга тыюу салынган эле.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы үрөй учурган кырсыктан скутерчи каза болду