Лавров: Бишкекте, Ташкентте жана Душанбеде ШКУ жаңы борборлорун ачат

Sputnik
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Өзбекстанда, Тажикстанда жана Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун жаңы борборлору ачылат. Бул туурасында РФтин тышкы иштер министри Сергей Лавров Пекинде өткөн ШКУнун ТИМ жетекчилеринин отурумунан кийинки маалымат жыйында айтты.
Дипломат Бишкекте уюшкан кылмыштуулукка каршы иш алып барган ШКУнун түзүмү пайда болорун билдирди. Андан сырткары, Ташкентте (аймактагы террорчулукка каршы борбордун негизинде) көйгөйлөргө жана кооптуулуктарга каршы күрөшүү максатындагы макулдашуулардын долбоору дээрлик даяр болуп калганын кошумчалады.
Андан сырткары, Душанбе калаасында ШКУнун баңгизаттарга каршы иштеген борборун түптөө иштери да соңуна чыгып бара жатат.
"Бул үч механизм реформадан кийин террордук коркунучтарга жана мыйзамсыз миграция менен байланышкан көйгөйлөргө каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", — деди Лавров ШКУнун ТИМ жетекчилеринин отурумунда.
Кулубаев Пекинде ШКУнун ТИМ башчыларынын жыйынына катышты