БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бажы жана Салык кызматтары Финансы министрлигинин карамагынан чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Маалыматка ылайык, эки ведомство тең министрлер кабинетинин курамына киргизилет.
Ал эми Салык кызматына алкоголдук продукциялар менен зер буюмдарын өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө функциялары өттү.
Министрлер кабинетине эки айлык мөөнөттүн ичинде Салык кызматына зер буюмдардын өндүрүшүн көзөмөлдөө, анын ичинде баалуу металлдардан жасалган буюмдарды текшерүү жана маркалоо, баалуу таштарды аныктоо жана экспертиза жүргүзүү функцияларын өткөрүп берүү тапшырылды.