Аэросүрөткө тартуу — өз алдынча фотоөнөрдүн түрү катары таанылды. Быйыл атайын конкурс ачылды. Ал The Inaugural International Aerial Photographer of the Year 2025 деп аталды. Сынакка дүйнөнүн ар кайсы бурчунан жалпы 1 549 арыз түшкөн.
Уюштуруучулар эми жыл сайын бул жанрдагы эң мыкты 101 сүрөттү тандап турууну чечишти. Ошол эле учурда айрым номинациялар боюнча мыктынын мыктылары аныкталып, аларга атайын сыйлыктар тапшырылат. Топ-101 тизмесине кирүү үчүн фотографтын эмгеги кеминде 86,67 упай алышы керек.