Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри менен жолугуштуНАТО Трамптын билдирүүсүнө Путиндин реакциясын күтүп жататБайсалов алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөрүн билдирдиАлдыда кененирээкМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы 10 жылда айлык, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсе өсөрүн билдирди. Ал радиолордун бирине берген маегинде жарандардын жашоо деңгээли кыйла жакшырарын айтты. "Токчулукта жашайбыз. Ар бир үй-бүлөнүн жылына жок дегенде бир жолу чет өлкөдө эс алып келүүгө мүмкүнчүлүгү болушун каалайбыз. Апаларыбыз кышында Таиланд болобу, башка дүйнөлүк курортторго барып эс алып келишсе дейбиз. Мындай нерселерди азыр Россиядан, Казакстандан көрүп жатабыз. Биз да жылына 9-10 пайыздык экономикалык өсүштү камсыз кыла алсак, 2-3 жылда эле казакстандыктардын жашоо деңгээлине жетебиз. Албетте, алардын мамлекети бизге караганда байыраак, ресурсу да көп. Бирок биз мугалимдердин, дарыгерлердин, журналисттердин жана башка социалдык кызматкерлердин турмушун жакшыртууга аракет кылабыз", — деди минкаб төрагасынын орун басары.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирандын тышкы иштер министри Аббас Арагчи менен жолугушту. ТИМден билдиришкендей, жолугушуу бүгүн Кытайдын Тяньцзинь шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында иран тараптын демилгеси менен уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар 2025-жылдын 28-апрелинде Тегеранда өткөн Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 14-отурумунун жыйынтыгын канааттануу менен билдиришти. Мындан тышкары, эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында мындан аркы өз ара аракеттенүү, ошондой эле Жакынкы Чыгыш аймагындагы азыркы кырдаал боюнча пикир алмашты.
Булан-Сөгөттү айылындагы эс алуу борборлорунун биринде гидроцикл менен жүргөн адам жети жаштагы баланы сүзүп кеткен. Окуянын видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов тарабынан жарыяланды.Күбөлөрдүн айтымында, скутерчен мас болуп, айланадагыларга орой мамиле жасаган. Жабыркаган бала ооруканага жеткирилген. 49 жаштагы шектүү ошол айылдын тургуну экени аныкталып, кармалган. Буга чейин көлдө скутер колдонууну чектөө сунушталган. Кийин ишкерлердин суранычынан кийин талптар жумшартылып, адамдар топтолгон пляждарда гидроскутер колдонууга тыюу салынган эле.
АКШнын НАТОдогу туруктуу өкүлү Мэттью Уитакер АКШ лидери Дональд Трамптын соңку билдирүүсүнөн кийин РФ президенти Владимир Путиндин реакциясын күтүп жатканын айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. Кеп Ак үй башчысынын Украинага аскердик жардамы жана РФтин соода өнөктөштөрүнө каршы кошумча бажы алымдарын салууну айткандары туурасында жүрүп жатат. "Анын бир нерсе дей турганы белгилүү. Европанын эсебинен америкалык куралдардын жеткиликтүү болушу эле эмес, андан мунай сатып алган Кытай, Индия жана башка мамлекеттерге бул төлөмдүн киргизилишине реакция кылат", — деп ал Fox News телеканалына интервью берип жатканда айткан. Уитакердин пикиринде, Трамптын европалыктардын эсебинен Киевге курал-жарак берүүсү Украинадагы чатакты бүтүрүү үчүн жасалган "кезектеги эң мыкты кадам" болуп калмакчы.