Жай мезгилинде өлкөгө келген туристтердин саны өсөт. Буга байланыштуу бул убакта туристтик милиция да күчөтүлгөн режимде иштей башташат. “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында дал ушул учурда жумушу күчөгөн туристтик милиция тууралуу маек курдук. Туристтик милициянын түйшүгү, ийгилиги дегеле Кыргызстанга келип жаткан чет өлкөлүктөрдүн коопсуздугу кандай сакталары тууралуу маектештик.
Биздин суроолорубузга Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Милициянын кайгуул күзөт кызматынын туристтик взодунун командири Сабырбек Көчкөнбаев жооп берди.