Өкмөт жогорку окуу жайларда бир катар кесиптер боюнча сырттан окууга абитуриенттерди кабыл алууга убактылуу мораторий киргизди. Бул нерсе коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатуу максатында кабыл алынганы кабарланды. Бул тизмеде юриспруденция, экономика, менеджмент кесиптери бар.
“Күн башат" программасынын бул чыгарылышында киргизилген мораторий тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин жогорку билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнура Исирайылова жооп берди.