Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу өнөктүгү беш турду камтыйт. Кабыл алуу графиги боюнча биринчи тур — 14-19-июль; экинчи тур — 21-26-июль; үчүнчү тур — 28-июль-2-август; төртүнчү тур — 4-9-август; бешинчи тур — 11-16-августЭгер бош орундар болсо 18, 19 жана 20-августта абитуриенттердин рейтингдик тизмеси боюнча кезектеги талапкерлердин тизмеси жарыяланып, алар кошумча түрдө кабыл алууга сунушталат. 2025/2026-окуу жылы үчүн жогорку окуу жайларга жалпысынан 10 миң билим берүү гранты бөлүнөт.
Данияр Косумбаев Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти. Маалыматка караганда, ал өткөн жылдын октябрынан бери фондду жетектеп келген Кылычбек Рысалиевдин ордуна келген. Данияр Косумбаев билими боюнча экономист президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын аяктаган. Ал буга чейин “Кыргызтелеком” ААК башкармалыгынын төрагасы, эл аралык IT-компаниялардын ишенимдүү өкүлү, Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин статс-катчысы болуп, ошондой эле Жогорку Кеңеште жана Бишкек шаарынын мэриясында иштеген.
ЕАЭБде маркалана турган товарлардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу ЕЭКтен билдиришти. Комиссиянын Бажы-тарифтик жана тарифтен тышкаркы жөнгө салуу департаментинин директорунун орун басары Аскат Беков чечим Минскиде кабыл алынганын, система жасалма продукцияны азайтып, таза иштеген компаниялардын санын жана бюджетке түшкөн каражатты көбөйтөрүн айтты. Ошондой эле мындан ары велосипед, анын рамалары, дезинфекциялоочу каражаттар, микробго каршы косметикалык продукциялар, бекире жана лосостун икрасы, айрым майлоочу материалдар маркаланышы керектиги кошумчаланды.
Кыргызстандык спортчу Ратбек Жуманазаров дзюдо боюнча Азия кубогунун жеңүүчүсү болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мелдеш 12-13-июль күндөрү Тайбэйде өткөн. Анда Кыргызстандын намысын коргогон Жуманазаров 81 кг салмактык категорияда мыкты оюн көрсөтүп, алтын медалга ээ болду. Аталган салмак даражасында жалпысынан 23 спортчу ат салышты. Жуманазаров Индонезия, Түштүк Корея жана Австралиядан келген атаандаштарын жеңип, финалга чыккан. Ал эми чечүүчү беттеште кыргызстандык спортчу Улуу Британиянын өкүлү Рори Тайррелл менен күрөшүп, жеңишти камсыз кылды жана турнирдин чемпиону аталды.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча ыргылжың позициясы Киевдин келечегин жок кылып, өлкөнү калыбына келтирүү жана каржылоо маселелерин кыйындатат. Бул тууралуу The Telegraph жазып чыкты.Басылма Трамптын бир туруп Украинаны, бир туруп Россияны кескин сындаган олку-солкулугунан америкалык BlackRock компаниясы Украинаны калыбына келтирүү фондунун ишине катышуудан баш тартканын эске салган. “BlackRock компаниясынын четтеп кетиши ишти кыйла оорлотот. Бирок Трамптын Украинанын өз алдынчалыгына доо кетире бериши ансыз да кыйналып турган өлкөнү такыр эле бүк түшүрүүдө”, — деп жазылган материалда.