БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында үйү өрттөнүп кеткен эки үй-бүлөгө там салдырып беришти.
Турак жай курууга 10 миллион сомдон ашык акча бөлүнүп, заманбап эки үй тургузулуп, ээлерине салтанаттуу тапшырылды.
Жыгач там былтыр күздө толугу менен өрттөнүп кетип, көп балалуу эки бүлө үй-жайсыз калган. Кийин алар өлкө башчы менен УКМК төрагасына жардам сурап кайрылышкан.