Энергияны үнөмдөө. ЕАЭБ регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылга жылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. ЕАЭБ тиричилик буюмдарынын энергия сарамжалдуулугуна коюлган талаптардын күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-сентябрына жылдырды. Бул тууралуу ЕЭКтин сайтында кабарланган.
Талаптар быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө кириши керек эле.
Чечим документтерди, стандарттарды жана этикеткаларды тууралоо муктаждыгына байланыштуу кабыл алынган.
Ошондой эле тиричилик буюмдарынын этикеткаларынын формасын жана аларды түзүү эрежелерин аныктаган комиссиянын чечиминин күчүнө кирүү мөөнөтү 2028-жылдын 1-мартына жылдырылды.
Мындан тышкары, техникалык регламенттин айрым талаптарынын күчүнө кирүү мөөнөтү да үч жылга жылдырылганы кошумчаланды.
ЕАЭБде жарандык авиациядагы дрондорду пайдалануу маселеси талкууланды