БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарынын мэри Султан Кермалиев кызматынан кетип, анын ордуна Баатырбек Жантаев дайындалды. Бул боюнча тескемелерге президент Садыр Жапаров кол койгонун анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Кермалиевдин бул ишке келгенине 12 күн болгон. Ал ЖМКлардын бирине берген интервьюсунан кийин коомчулуктун сынына кабылган. Буга реакция кылган президент Садыр Жапаров, эң негизгиси, жаңы мэр таза, натыйжалуу иштеп бериши керектигин белгилеген эле.