Сокулукта үч жүргүнчү автобустун айдоочусун сабап салган. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Сокулук районундагы Кожомкул айылында үч киши автобустун айдоочусун сабап салган. Бул тууралуу Чүй ОИИББден билдиришти.
Социалдык тармактарда №9 каттамдагы автобустун айдоочусу бир нече жүргүнчү тарабынан сабалгандыгы тууралуу видео тараган.
Милиция териштирүү баштап, коомдук транспорттун 39 жаштагы Ж.К. аттуу айдоочусу ур-токмокко алынганы такталган.
Учурда милиция шектүүлөрдү издеп жатканын кошумчалады.
Ысык-Көлдө массалык мушташ чыгып, 6 адам кармалды