БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарында "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа кластерин куруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Жыйынга министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев, тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери катышты.
Мамлекет башчы долбоордун жүрүшү жана ишке ашыруунун алгачкы баскычтары боюнча отчетторду укту. Атап айтканда, энергетика министри Таалайбек Ибраев курортту энергия менен жабдуучу схемаларды көрсөтүп, түшүндүрдү. Ал эми курулуш жана транспорт министрлери Нурдан Орунтаев, Абсаттар Сыргабаев инженердик тармактарды жана автоунаа каттамдарын куруу пландары жөнүндө айтып беришти.
Жыйындын жүрүшүндө 15-июлдан 18-июлга чейин 49 лот боюнча аукцион өткөрүлөрү белгилүү болду. Ага жергиликтүү жана чет элдик инвесторлор чакырылган.
Жер тилкелери 3-5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этнотаунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплекстерди жана башка туристтик, коммерциялык объектилерди курууга арналган. Долбоорго катышуу инвесторлорго Борбор Азиядагы эл аралык стандарттарга багытталган ири туристтик кластерлердин биринин бөлүгү болууга мүмкүнчүлүк берет.
Жыйындын соңунда Жапаров бардык этаптарда ишти өз убагында жана толук каржылоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Мамлекет башчы жооптуу органдарга курулушту үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, белгиленген мөөнөттөрдөн кечиктирбөөнү, иштин темпин солгундатпоону тапшырды.